Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Бүгүн, 7-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын төрагасы мамлекет башчыга республикалык бюджеттин каражаттарын колдонууну көзөмөлдөө боюнча аткарылып жаткан жумуштар, 2016-жылдын ишмердигинин жыйынтыгы жана мекеменин мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берди.

Жээнбеков Эсептөө палатасынын аудитордук ишмердигинин жыйынтыктары боюнча көзөмөл жана мониторингди күчөтүү керектигин белгиледи. “Анткени текшерүү учурунда ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча мыйзам бузуулар жана резервдер аныкталса да, бюджетке салыштырмалуу аз акча келип түшүүдө”, - деди президент.

Мындан тышкары мамлекет башчы мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарга өтүүсүн тездетүү жана Эсептөө палатасын каржылык мыйзам бузууларды жокко чыгарууда көзөмөлдөөчү органдан алдын ала чара көрүүдө бюджеттик мекемелерге жардам берген орган болуп өзгөрүү зарылдыгын белгиледи. "Мамлекеттик аудит тармагындагы коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу боюнча жумушту күчөтүү зарыл. Ачыктык жана коррупцияга каршы иш-аракет Эсептөө палатасынын артыкчылыктуу багыты болушу керек", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ermekbai
2017-12-07 12:26:43
Улукбек ата баласы
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-07 12:28:18
Чык эшике деген окшойт туруно караганда
0
-Sumitra-
2017-12-07 15:37:16
Охоо бул чон кызматта иштеген учун анан атасы чал болуп,алжып калса да кызматтан кетпей атыптыр да.
0
Paolo
2017-12-08 04:07:29
хмм интересно обычно талкууну жаап коесунар го эмне элдин оюн билели дединерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан