Сапар Исаков жумуштан үйгө саат канчада келерин, кыздары ага кандай мамиле кыларын айтты

"Үй-бүлөм менин күчөтүлгөн тартипте иштегениме көнүп калды" деп бүгүн, 7-декабрда ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

"Мен жумушка саат 9:30 чамасында барам, бирок үйгө саат 23:00-00:00 чамаларында келем. Үй-бүлөм буга көнүп калды. Эмгек өргүү албай иштеп жатканыма көп болду. Алмазбек Шаршенович (экс-президент Алмазбек Атамбаев - ред.) Жаңы жыл майрамында мага каалоо-тилегин айтып жатып: "Эгер үйдөн жумушка жыргап барсаң, жумуштан үйгө жыргап келсең - бул бакыт", - деген. Үй-бүлөм мага жардам берип жатат. Кыздарым мени жакшы көрүшөт, алардын сүйүүсү мага дем-күч берет", - деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан