"Эркектердин көп аял алуусунан улам көпчүлүк учурда балдар жапа чегип жатат". Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова бүгүн, 7-декабрь күнү көп аялдуулукка каршы өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Турдубекованын айтымында, эркектердин диний жол менен нике кыйдырып алып эле жашап жатканынан улам аялдар менен алардын балдары кароосуз калып жана мүлккө ээлик кылуу укугунан ажырап калууда.
"Мүлккө болгон укугунан ажырап калган аялдар менен балдардын саны өсүүдө. Анткени аялдар балдарын атасы менен тааныштыруу үчүн өтө көп кыйынчылыктардан өтүүсү керек. ЖМКларда "талак" берип ажырашып кеткен учурлар көп чагылдырылат. Анда эркектер эч кандай кыйынчылыгы жок эле жубайын жана балдарын каржылоосуз таштап кетет", - деди Турдубаева.