Бүгүн, 7-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун журналисттер менен жолугушуусунда ага тышкы карыздан кутулуу боюнча суроо берилди.
Премьер-министр бул маселе боюнча Кореянын мисалын келтирди. "Кореяда экономикалык кризис болгондо эл акыркы баалуу буюмдарына чейин алып келишип, карыздан кутулалы деп тапшырышкан. Биз карыздан кутулуш үчүн эл акча алып келсин деген жокпуз. Өлкөбүз карыздардын бир бөлүгүн жолдорду курууга алган. Мындан улам айрым жолдорду акылуу кылалы деп жатабыз. Мисалы, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан алсак болот", - деди өкмөт башчы.
"Алынып жаткан насыялар экономикага салымын берет. Кыргыз Республикасы алдыга кетсин деп карыз алынып жатат. Насыяларды төлөш үчүн пайдалуу иш-чараларды көрүшүбүз керек", - деп кошумчалады Исаков.