Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ар бир нике мамлекеттик каттоодон өтсө турмушка эрте чыгуу, ала качуу, көп аял алуу маселелери чечилет деген ойдо. Депутат мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда Бишкекте көп аялдуулукка каршы өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган. Бирок биз бул мыйзамды 2 жарым жыл талкуулап өзгөртүү киргизгенбиз. Ал мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бирок мыйзамда чектөөлөр ошол эле бойдон калып калган жана мүчүлүштүктөр бар. Акыркы учурдагы талкуулардан улам мен мыйзамдын үстүнөн кайра иштөө керектигин түшүндүм. Ал эми бизде үй-бүлө, аялдардын жана балдардын укуктары боюнча көйгөйлөр көп. Менин оюмда ар бир нике сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтсө, кыздардын турмушка эрте чыгуу, ала качуу, көп аял алуу маселеси чечилет", - деди Алтыбаева.