6-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында орус тилинин эл аралык күнү белгиленет. Иш-чаранын уюштуруучулары ушул эле күнү улуу орус жазуучусу Александр Пушкиндин туулган күнүн, кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгын жана Орусиянын илим жана маданият борборунун 2 жылдыгын өткөрүшөт. Бул белгилүү күндөрдүн алкагында концерттик кече тартууланмакчы. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу орус тилчи мугалимдерге сыйлыктар тапшырылып, соңунда балет спектакли коюлат.