Жыл башынан бери дарактардын мыйзамсыз кыйылышынан бюджетке 3 миллион сом зыян келди

Бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин токойчулары жумуштан бошотулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда аталган агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы агенттиктин бир катар токойчулары жумуштан бошотулган. Мындан улам агенттик коопсуздук чараларын күчөтүп, дарактардын кыйылышы азайган.

"Бардык токой чарбаларынын жетекчилери бул тууралуу билишет. Мен ишенимдүүлүк менен айта алам, 2017-жылы мурунку жылдарга караганда дарактардын кыйылышы азайды. Бул жылы 1 882 дарак мыйзамсыз кыйылып кетти, анын зыяны 3 миллион сомду түздү. Ал эми буга чейинки жылдары дарактарды мыйзамсыз кыюудан мамлекеттин экономикасына 10 миллион сомго чейин зыян келчү", - дейт Абдыкалык Рустамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан