"Депутат, министр, прокурор, соттор жол эрежесин бузса жооп бербейт. Бизде мыйзам тандалма адамдарга гана иштейт", - деди КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.
Эл өкүлү тартип орнотуу үчүн биринчи кезекте мыйзам бардык жарандарга бирдей болушу керектигин айтты.
"Жол коопсуздугу боюнча ар кайсы деңгээлде жүз жолу айтылды. Бирок чынында так, жакшы жыйынтык болбой жатат. Кээ бир адамга мыйзам иштейт, айрымдарга иштебейт. Мисалы, прокуратура кызматкерлери, соттор, депутаттар, министрлер жол эрежесин бузса алар жоопкерчиликке тартылбайт. Эгер МАИ кызматкери жол эрежесин бузса, ошол эле МАИчилер ага башка айдоочуну күнөөлүү кылып коюшат. Мындай кырдаалда кандай аракет кылбайлы мыйзамдар иштебей кала берет. ИИМдин кызматкерлери атайын талондорду алышат, аларга жол эрежелерин бузса болот. Мындай документти атайын кызматтар да пайдаланышат. Менин оюмча, ушундай маселелерди жок кылышыбыз керек. Жол эрежесин бузган бардык адамдар жазасын алуусу шарт. МАИ кызматкерлери кырсыктарга, эреже бузууларга 85 пайыз айдоочуларды күнөөлөшөт. Бул тескерисинче, 85 пайыз МАИ кызматкерлери өздөрү күнөөлүү. Аларды эч ким сыйлабайт жана алардан эч ким коркпойт. Айып пулду бюджетке эмес, чөнтөгүнө салышат", - деди Бекешев.