Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигине тиешелүү болгон 3 миллион 474 гектар аянтта 933 токойчу тейлөө жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Токой экосистемдерин өнүктүрүү департаментинин директору Элдияр Шарипов маалымат жыйында билдирди.
"Ар бир токойчуга орто эсеп менен 3,5 миң гектарга чейинки аянт каралат. Токойчу бул аянтты жалгыз кайтарып көзөмөл жүргүзөт. Ал токойдогу дарактарды өстүрүү, көбөйтүү жана сактоо боюнча иш алып барат. Бул ишти жалгыз жасоого абдан оор эле. Андан тышкары алардын айлык акысы дагы өтө аз", - дейт ал.