Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик ишканаларды эффективдүү башкаруу темасына арналган өкмөттүк күн өтүүдө. Депутаттар мамлекеттин карамагындагы мамлекеттик ишканалар боюнча өкмөттүн маалыматтарын сурап жатышат.
Анын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттө "Манас" аэропортун сатууга ниети жок экенин билдирди. "Биз бул аэропортту сатууну эмес, аэропорттун кызмат көрсөтүү жана башка шарттарын жакшыртуунун жолдорун издөөнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди Зилалиев.
Белгилүү болгондой, буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун сатууга коюлушу боюнча маалыматтар тарап, бул бир топ талаштуу талкууларга себеп болгон.