Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын сезону 8-9-июнь күндөрү жабылат. Маалым болгондой, жайкы эс алууга чыгып жатып, театрдын артисттери 8-июнда саат 17:00дө “Чолпон” балетин тартуулашат. Ал эми 9-июнь күнү саат 17:00дө гала концерт болуп, анда дүйнөлүк, европа, орус улуттук опералык чыгармалары жаңырмакчы.