"Түрксой" уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялады

Түрк тилдүү элдердин "Түрксой" маданий уюмунун эл аралык отурумунда келе жаткан 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 7-декабрда кабарлангандай, уюмдун 35-отуруму Казакстандын Түркстан шаарында өткөн.

Ага Кыргыз өлкөсүнөн министр Султан Жумагулов катышкан.

"2018-жылы "Түрксой" уюмуна кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Бул жылы улуу жазуучунун 90 жылдыгы белгиленет", - дейт Жумагулов.

"Түрксой" эл аралык маданий уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Түркмөнстан жана Түркия кирет. Уюмдун негизги максаты - түрк тилдүү элдердин мамилесин чыңдоо жана аларга тиешелүү болгон маданий баалуулуктарды сактоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-07 16:52:38
Жакшы уюм экен бар бололу бир бололу тууган элдер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан