Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов мектептердин жанында сатылып жаткан таттуу-тарапаларга тыюу салыш керектигин айтты.
Эл өкүлү арзан жана сапатсыз азыктар окуучулардын ден соолугуна кооптуулук жаратат деп эсептейт.
"10-15 сомдук шириндиктерге тыюу салыш керек. Бүгүнкү күндө балдардын тиштери чириген учурлар көбөйүп кетиптир",- деди ал бүгүн, 28-октябрдагы парламент жыйынында.
Сарыбашов ошондой эле мектептерде башталгыч класстардын окуучуларына бериле турган тамактардын сапаты дагы текшерилиши керектигин кошумчалады.