Өкмөт: "Авиациялык колледж институт болуп түзүлдү"

Кыргыз авиациялык колледжи институт болуп кайра түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

“Бул чечим республикадагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Буга байланыштуу мурдагы орто окуу жайдын базасында жогорку жана орто билими бар адистерди даярдаган заманбап институт түзүлөт. Негизги басым ата мекендик ишканалардын билдирмелери боюнча адистерди даярдоого багытталып, кийин жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да адистерди даярдай баштайт. Долбоордун ишке ашышы биринчи кезекте Кыргыз Республикасы үчүн оң таасирин берет”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2017-12-07 16:37:14
Бул окуу жайга кимдер окуша алат окуу акысы канча ж.б.у.с кеңири маалымат алып бергилечи супер инфо.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан