Премьер-министрге, депутаттарга жана муфтиятка көп аялдуулук маселеси боюнча 6 талап коюлду

Бүгүн, 7-декабрда “Аялдарга карата зомбулукка каршы туруу” кыймылынын мүчөлөрү Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, көп аялдуулук маселеси боюнча пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында өкмөт башчы Сапар Исаковго, Жогорку Кеңештин депутаттарына, муфтиятка, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана жарандарга 6 талап коюшту.

Коюлган талаптар:

1. Жогорку Кеңеш көп аялдуулукту легализациялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча талаш-тартыш жараткан сөздөрдү токтотсун.

2. Жогорку Кеңеш көп аялдуулуктун алдын алуу боюнча эффективдүү кошумча мыйзам чараларын иштеп чыксын.

3. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө жаңы мыйзамды илгерилетүү жолу аркылуу маселеге көңүл буруу менен ылайыктуу механизмдерди иштеп чыксын.

4. Кыргыз мамлекетинин Мусулмандарынын Дин башкармалыгы мониторинг жүргүзүү менен көп аялдуулук жана балдардын эрте никеси тууралуу маалымат таркатуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу иретинде бөгөт койсун.

5. Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн кыздарына камкордук көрүү менен, аларга билим алууга жана саламаттыкты сактоого болгон жеткиликтүүлүккө мүмкүнчүлүк түзсүн, алардын экономикалык жактан өз алдынчалыгын колдошсун.

6. Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссия светтиктин калыптанышы боюнча иштерди жүргүзсүн.

Аталган кыймылдын курамында 100дөй адам болсо, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
muslim87
2017-12-07 17:49:15
Туура ар бир адамдын үнүн бийлик угушу керек, ар бир адамдын укугу каралышы керек тебеленбеши керек, бирок Пайгамбарыбыз (САВ) айткан бир адамдын укугун коргоордо жалпы коомдун укугун карагыла, эгер ошол адамдын укугу башка адамдарга зыян бербегидей болсо коргогула деп. Азыр төрт беш аялдын чырдоосу менен эки аял алууга чекит коюлса канча деген аялдар бар экинчи болуп жашап жаткан канча деген кыз келиндер бар турмушка чыгууну самап бир эркектин коргоосунда болгусу келген. Алардында укугу бар да.
-1
Bekovich76
2017-12-07 17:56:45
Ушул аялдар оздору ХХХХ да тушунушпойт кайрадан ушулардын укуктарын коргоп атса булар айкырып чыгып атышат жесир аялдар талаада калбасын олок жолок бололу ошолорго деп атса бул ХХХХ аяладар тушунбой атышат
-8
Bekovich76
2017-12-07 18:05:59
Россияда канча денег кыздар никесиз тороп таштап атышат,канчосу башка улуттар менен ойноштук кылып журушот,Бишкекте канча деген кыздар сойку болуп иштеп журушот,канча деген келиндер жесир болуп атышат тилеке каршы,ошолор эмне 2чи аял болуп тийбегенде анан мне жаш жигитке тиймек беле,мына силерге канча деген фактылар коргогула ушулардын укуктарын ушундай эле кыйын экенчинер.Кыргызстандагы бардык сауналарды жапкыла колунардан келеби ,бокту дагы келбейт анан эле кыйын болуп чыгасвнар жинге тийип
+10
Bekovich76
2017-12-07 18:13:10
Урдум силердин талабынарды,жесир аялдарды 2чи аял кылып алса болот Эгер колунан келсе камсыз кылалса балдарын кошо багып остурсо жардам берсе бунун эмнеси жаман,ойнош ойногондон коро 2чи болуп тийгени жакшыда нике окутуп таза адал болот
+8
kanykeim
2017-12-07 19:44:05
Силер жакшынакай болуп.жаш аялдын койнуна кирип кетесинер,жаштыгын,ден соолугун силерге арнаган ачлвнарды карап да койбойсунар
-1
kanykeim
2017-12-07 19:47:09
Балдарынар эмне ичип жатат ал силерди кызыктырбайт..2-аялынар тигилерин уйду бошотуп койсун деп мышыктай жармашканда билбей каласынар.уйдон кууп жатканынарды
-2
jbolotov
2017-12-07 19:57:01
Кураны Каримде Кудайдын айткандарын аткарбай укуктарын биринчи орунга коюп журо беришсин, акыретин ойлогондор дин менен жашайбыз.
+4
kanykeim
2017-12-07 20:12:48
jbolotov,динди жамынып алыппы? Динди суйлой турган болсонор 2-аялдан башкасы м.н жашаса болот.жетимдерге жардам берип,оорулуудан кабар алып,ал нерселер унутулуп,2-аял гана динге кирип калганына аябай тан калдым
0
O.dembele
2017-12-07 20:16:49
Депутаттарга XXXX го
+1
Bek4590
2017-12-07 20:34:16
Эй мусулмандар туура тушунгуло. 2аял алуу Исламга, шариятка туура келгендиги учун каршы чыкпайбыз. Аллах уруксат берип жаткандан кийин колдойбуз. Экинчи аял болуп тийгенге, же эки аял алууга милдеттуу эмессинер, ыктыярынар озунордо. 2аял алууну мен деле жактырбаймын, бирок шариятка туура келгендиги учун каршы чыкпаймын. Алган ала берсин, тийген тийе берсин, бир эле эр менен же бир эле аял менен жашаймын дегендер жашай берсин. Мажбурлоо жок. Неге эле тушунбойсунор.
+8
medet1983
2017-12-07 20:54:40
Бир аялды эптегилечи папылдабай.Ошондой эле эки аялдуулукту колдосонор озунордун эже карындаштарынарды, оз канындан жаралган кызынарды бергиле экинчи аял кылып.Ким макул?
0
bakyt78
2017-12-07 21:16:59
medet1983, 2аял алуу эптегендер учун, а эптей албагандарга болбойт. Тушунгон аялдар болсо, 3аял алып дагы жакшы жашай бересин, бир нан таап келсенда ыраазы болуп 3болуп жашай берет, тушунбогондорду алтын менен комуп койсонда ыраазы болбойт, кеп ыйманда.
+7
Elitta
2017-12-08 00:21:48
bakyt78,Эн туура айттыныз,Мен кызбаламын бирок кааршы эмесмин 2чи аял кылып алган эркектерге,мени нито ойлобогула эрим бар,Байлыгы ашып ташкан эркектер колунан келсе 2аялды багып алса болот,илгери атабабаларыбыз ичи тарыбайле жашап келишкен 2аял мн деле,азыркыларга соз Жок ыйман ынсап уят деген нерсе Жок,Жогоруда айткан эжелерге айтаарым бул маселени четке какпай кыйынсынып Бишкек Оштогу сойку каналарды жаппайсынарбы туп тамыры мн кыйын болсонор?
-1
Kanatbek81
2017-12-08 01:35:49
Жаш алабы карысын алабы тагдырына ошол аял эркек бирибирине жазылган да никеси, туура эч ким ээрин болушкусу келбейт бирок баары алсын деп эч ким гуулойлекко. Колдо бар алтындын баркы жок деп жашаган эркектеер экоону багала турган материалдык жана физически жактан камсыздай тургандар алышсын соссуз. жесир,жашы отуп калгандардын укугун ким колдойт? Аялдар коп катый бербей суйунуп суйнуп макул болгула ээринер экинчисин алса, бейишке киресинер.
-3
gordaya
2017-12-08 09:56:41
Kanatbek81, куйоосу экинчи аял алса, аял бейишке кирет деген нерсе жок, жок нерсени ойлоп таппачы
+2
gordaya
2017-12-08 09:35:35
Менин да куйоом кечинде баласына "кийин эки аял ал, ал динге каршы келбейт " деп уйротуп жатыптыр, анан мен куйоо балан "кызынар экинчи аял алганыма каршы чыгып жатат, макул кылып бергилечи, сиз динди тушуносуз да "деп келсе эмне кыласын десем, башты оорутпасын дейт, эркектер ошон учун тен карагыла да, баласынын аялы бироонун сеникиндей эле кызы да.
+1
gordaya
2017-12-08 10:45:27
Анан да тан калганым, куйоон экинчи аял албасын десен, башканы карабасын десен, мындай болушун керек деген толтура шарттар бар го, куйоон келгенде жылуу тосуп ал, мындай кылбай тигиндей бол, айтор шарттары да оор, анан ойлоп жатам ошончо тырышсан деле, баары бир башканы алат турбайбы, же Чубак ажынын аялы ал шарттарды аткарган эмеспи, (кудай озун кечир),
0
jaskaaa
2017-12-09 00:15:04
Бул мыйзамды элдин добушуна койуш керек экен!
Ар бир аял жалгызы болгусу келсе керек жолдошунун! Мен макул болмокмун жесир аял балдарын багалбай кыйналып жолдошум жардам иретинде уйлоном десе!
жаш сулкулдогон кыздарга уйлонсо, бузулуп келип экинчи аял же токол болуп дагы бир уй буйлонун устуно бакыт курам десе. Акча учун гана токол болуп атса анда мен ага каршымын.Озунун кызындай кыздарды токол кылып атышат,мындай болбой калат гоо.
Мисалы менин алысыраак женем бар 4 баласы
0
jaskaaa
2017-12-09 00:17:19
Эмне учун ошондойлорду алышпайт. Балдары кичинекей. Абдан кыйналып атат. Байкебиз рак оорусунан каза болду. Алса алышсын ушуга окшогон келиндерди. Соопту ошондойлордон табышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан