Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө бүтө электе урап калган курулуш боюнча жоопкерлерге жалпы 30 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен коопсуздук техникалары жана эмгек коопсуздугун камсыздоо боюнча каталар кетирилгени белгилүү болгон. Ага байланыштуу "Авангард Стиль" курулуш компаниясынын прорабы, улуу прорабы, техникалык көзөмөлгө жооптуу адамы жана "Ашыров А." аттуу ишкана жалпы 30 миң сомдук административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясы куруп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити урап түшүп 12 адам жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. Ал эми 10 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.