ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: "Челси" футболдук клубунун легендарлуу оюнчусу Жон Терри 37 жашка чыкты

Дүйнөгө атагы чыккан "Челси" футболдук клубунун легендарлуу оюнчусу Жон Терри 37 жашка чыкты.

Балалык кез

Жон 1980-жылы 7-декабрда Лондондун Баркинг аймагында жарык дүйнөгө келген. Бала чагынан футболго кызыккан Жон өзүнүн футбол дүйнөсүндөгү карьерасын "Сенраб" клубунда ойноп баштаган. Алгач "Челси" футбол клубунун жаштар командасынын негизги курамында жарым коргоочу болуп ойногон.

"Челси" клубундагы алгачкы кадамдар

Өзүнүн карьерасын бүтүндөй "Челси" клубуна арнаган оюнчу бул клубдун курамында алгач 1998-жылы 28-декабрда оюн талаасына чыккан. Башкы эки жыл аралыгында Жон алмашууларга гана чыгып турган. Ал эми 2000-жылы аны “Ноттингем Форест” ижарага алып, ал топтун курамында Жон болгону 6 беттеш өткөргөн. Андан соң кайра "Челси" футболдук клубуна кайтып келип, негизги курамда мыкты оюн көргөзө баштайт. Бул мыкты көрсөткүчтөрү үчүн ал "Жылдын мыкты оюнчусу" аталган. Жон Терри Марсель Десайи менен биргеликте тандем түзүп мыкты оюн көргөзүшкөн.

Капитандыкка жол

Оюнчунун жараткан ийгиликтери аны клубдун капитаны болушуна алып келген. 2001-жылдын 5-декабрында Марсель Десайи клубдан кеткен соң Жон команданын капитаны болуп дайындалган. Оюн талаасындагы эң негизги өнөктөшүнүн кеткенине карабастан Терри аз убакыт ичинде Вильям Галлас менен биргелешип өзүнүн командасын 2004-2005-жылдардагы Премьер Лиганын финалына чыгарышып, финалдык оюнда жеңишке жетишкен. Оюнчунун карьерасындагы эң кызыктуу учур болуп 2006-жылы 14-октябрда "Рединга" менен болгон беттеште дарбазачы болгонго туура келген. Ал команданын дарбазасына бир дагы топ өткөрбөй өзүнүн мыкты оюнчу экенин дагы бир жолу далилдеген.

Жеке жетишкендиктер

  • "Челси" футбол клубунун "Эң мыкты жаш оюнчусу" 1998-жыл
  • "Челси" клубунун күйөрмандарынын тандоосу боюнча 2001-жылы жана 2006-жылы "Эң мыкты оюнчу" деп табылган.
  • Алан Хардекердин сыйлыгы 2005-жыл, 2015-жыл
  • "Челси" клубунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлыгы 2009-жыл, 2016-жыл

Жеке жашоосу

Азыркы тапта Жон Терри Оксшотто жашайт. Аялы Тони менен 2000-жылы таанышкан. 2006-жылы түгөйлөр Жорджи Жон жана Саммер Роуз аттуу эгиз балалуу болушкан. 2007-жыл түгөйлөр үйлөнүп, өзүнүн бал айын Жер Ортолук Деңизде Роман Обрамовичтин яхтасында өткөрүшкөн.

7-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан