Психологдон кеңеш: Аялдардын кулагына күмүш сырга

Жыл өткөн сайын коомчулукта үй-бүлөлүк түгөйлөрдүн ажырашуулары көнүмүш көрүнүш катары кабыл алына баштады.

SUPER.KG порталы гармониядагы турмушта жашоо үчүн аял-эркек мамилесинде аялдан эмнелер талап кылынат деген суроого психолог, "Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун башчысы Перизат Асылбаевадан жооп алды. Психолог түгөйлөр бири-бирин түшүнүп жашоосу үчүн ачык-айкын сүйлөшүүсү башкы орунда турарын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду.

1. Аял каалоолору, сезимдери тууралуу күйөөсүнө ачык айтканы оң

Аял кишинин психологиясы менен эркек кишинин психологиясында көп айырмачылыктар бар. Мисалы, аял киши бир маселенин четин чыгарып, кыйытып сүйлөйт. Оюн, каалоосун, нааразычылыгын, коркунуч, таарыныч, тынчсыздануу сезимдерин түз эле ачык айта албайт. Бардык эле эркектер анын кыйытып айткан кебин түшүнө бербейт. Каалоолору аткарылбаган аял болгон нааразычылыгын ичине топтой берет да бир күнү чыр чыгышы мүмкүн. Андыктан аял ичинде болуп жаткан сезимдери тууралуу жолдошуна өз кезинде ачык айтканы оң.

2. Кайсы бир маселе тууралуу жолдошуна айтууда кыйкырып сүйлөөдөн алыс болуш керек

Таарынычпы, тынчсыздануубу кандай кырдаал болсо да аял оюн күйөөсүнө туура жеткирүүсү да мааниге ээ. Урмат сый менен, ачууга алдырбай сабырдуулукту сактап, болгон туюмун ачык айтып үйрөнүшү керек. "Мен сенден мындай нерселерди күтөм, ал үчүн мындай кылалы" же "Сен кечигип келгенде мен абдан санаа тартам, ар кандай ойлор келет. Ачууланып баштайм. Жумушуң чыгып калса мага алдын ала айтып койсоң, мен түйшөлбөй тынч болом" деген сыяктуу өзүнүн оюн, сунушун айтып, андан кийин күйөөсүнүн оюн суроо абзел. Ачууланып, кыйкыруу абалды терс жакка гана бурат.

3. Өзүн эмес жасаган жумушун сынга алуу туура

Аял киши сынды туура айтыш керек. Мисалы: "Сенин колуңдан келет, сен көп жумушту жакшы жасайсың, мен абдан сыймыктанам. Эгер дагы ирети менен жасасаң андан да мыкты болот эле" деген таризде адегенде жетишкендик жактарын айтып, андан кийин гана кемчиликтерин мисал менен айтуу туура. Эң башкы эске алуучу жагдай - адамдын өзүн сынга албаш керек. Жүрүм-турумун, жасаган жумушун сындап, жеке өзүнүн намысына тие турган сөздөрдү сүйлөөдөн абайлоо зарыл. Бул психологияда эмоционалдык сабаттуулук деп айтылат.

4. Жаңжалды тереңдетүү көңүлдүн муздашына алып келет

Үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер орун алган учурда ошол маселенин тегерегинде гана талкуулоо туура. Кээ бир учурда аялдар жаңжал жаралган маселеден алыстап, ага чейинки көп жыл мурун болгон чырды эске салып, козгойт. "Сага турмушка чыкпай эле койсом болмок, апам кой деп жакшы эле айтты эле" деген сыяктуу сөздөрдү айтууну да адатка айлантышкан. Бул учурда жаңжал күчөп, 2 тараптан тең ачуу сөздөр чыгат, көңүлдөр ооруйт. Бара-бара бул абал кайталана берсе көңүлдөр муздайт, турмуш бузулат. Андыктан түгөйүңүздүн кадыр-баркына шек келтирген кептерди айтуудан алыс болуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
love_you
2017-12-19 15:21:21
мен да акыркы кундору коп урушчу болдум.... озумду кармай албай калам. нервимди энеси мн атасы жеп бутушту... эхххх(((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан