Кыргыз өлкөсү 19 жашка чейин төрөгөн кыз-келиндердин саны боюнча КМШда 2-орунда турат

"Жаш курактагы кыздар токолдукка алынууда. Ага ылайык, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин кыздар эрте жаш куракта төрөп башташат", - деп билдирди укук коргоочу Назгүл Турдубекова көп аялдуулукка каршы өткөн маалымат жыйында. Анын билдиришинче, энелердин төрөттөн каза болуп жатышына эрте төрөт негизги себептердин бири.

"Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекеттер аралык статистика комитетинин маалыматы боюнча 15-19 жашта төрөгөн кыз-келиндердин саны боюнча Кыргыз мамлекети экинчи орунда турат. Биринчи орунда Азербайжан. Энелердин төрөттөн каза болуп жатышына эрте төрөт негизги себеп", - деди Турдубекова.

“Аялдарга карата зомбулукка каршы туруу” кыймылынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, ар бир үчүнчү аял үйдөгү зордук-зомбулукка дуушар болуп келет. Бирок мындай кылмыштардын ачылышы өтө төмөн. Кризистик борборлордун ассоциациясынын билдирүүлөрү боюнча үйдөгү зордук-зомбулуктан улам 2015-2017-жылдары 98 аялдын өлүмү катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Medinaa
2017-12-07 23:21:21
Койгула.Өзбекстан менен Тажикстан бизден өтөт.
+3
Aidar151080
2017-12-08 07:47:39
Буга ким күнөөлү, албетте жаштар. Батышты туурап!, МОДА деп! акылыңардын жоктугу. Батыш өлкөсү буздуго элди. Жакшы жагыбыз менен таанылбай, жаман жагыбыз менен таанылабыз го дүйнө жүзүнө.
+1
almanbetperm
2017-12-08 09:00:36
Aidar151080,кечирип кой озбектер менен тажиктерде биздегидей одноклассники,контакт монтагы жок. Бизде 5-класста окугандар отурат сайттарда, бул да болсо чон таасирин берет
-1
toktor89
2017-12-08 10:25:32
almanbetperm, кечиресин абдан жанылышып атасын! Тажикстандын тсын озбекстандын осун билип жазын.
Билип билбей жаза бербей!
0
JaneEr
2017-12-08 12:23:50
Нысап берсин кыздарга.
0
bond0202
2017-12-08 15:55:23
Алга кыргызымдын кыздары!
0
Ak_Bulut
2017-12-09 20:54:57
Порносайттарды жабыш керек! Даже соц.сеттерди дагы. Анан кыздарики ылжандабай туз жургуло! (Эми эркектер оздору- деп башталат). Анан 17 жашка чейинкилерди эсептеш керек,а эми 19 жаш уже 18+ кирет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан