Ош шаарын Жаңы жылга карата кооздоо үчүн 1 миллион сом керектелет

Ош шаарынын борбордук аянтын Жаңы жыл майрамына карата жасалгалоо үчүн 1 миллион сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук аянтка бийиктиги 25 метрге жеткен балаты орнотулат.

ылдагыдан өзгөчөлөнүп заманбап, 3D форматтагы кооздуктар илинет. Шаарды майрамга карата кооздоо үчүн тендер жарыяланып, андан уткан жеке компанияга бир миллион сом акча которулган. Алар балатынын жана жаңы жылдык композициялардын эскизин түзүп келишкен. Жакынкы аралыкта жасалгалоо иштери башталат", - дейт мэриянын маалымат катчысы.

Эске салсак, өткөн жылы Ош шаарынын борбордук аянтына 30 метрлик балаты орнотулуп, кыргызча орнаменттер менен жасалгаланган. Мындан тышкары бир катар композициялар орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
juma11anara
2017-12-08 10:52:48
Ошто 1000000 сом.
Бишкекте 15000000сом.
-2
Shekeev969798
2017-12-08 13:40:31
Ошто баары арзан жегермендер да аз Бишкекти болсо айтпай эле койойун 1000000 сомго жасалганы Бишкектикинен жакшыраак болот коросунор
0
tekebaeva.Arzu
2017-12-08 13:57:19
Ой жок,ошол акчаны мага бергилечи,уй алып алайын
+1
Isco23
2017-12-09 00:35:29
Кантип эле млн кетсин Айтмат эби ченин мн болсон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан