Кечээ, 7-декабрда Жогорку Кеңеште коопсуздук кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин, Башкы прокурорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, коопсуздук кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин, Башкы прокурорду киргизүү зарыл. “Президенттик аппараттын жетекчиси коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат. Ал эми Башкы прокурор кеңештин чечимдеринин туура аткарылып жаткандыгына көңүл бурат. Андыктан аларды коопсуздук кеңешинин курамына киргизүү сунушталууда”, - дейт Өмүркулов.
Жыйынтыгында мыйзам жактырылды.