Бишкекте өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секиргени жаткан аялдын өмүрүн милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморовдун айтымында, 7-декабрда С.Арунов аттуу милиция кызматкери Ала-Арча суусунун Жибек Жолу аркылуу өткөн жериндеги көпүрөдөн болжолдуу түрдө 30 жаштагы аялдын секирүүгө камынып жатканын көрүп, ага байкатпастан жанына барып кармап калууга жетишкен.
"Андан кийин Арунов ал аял менен сүйлөшкөндө аял чаржайыт сүйлөп, айткандары түшүнүксүз болгон. Ал өз жанын кыюуну чечкендигин түшүндүргөн. Кийин аялдын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун тургуну экендиги жана психикалык каттоодо турары маалым болду. Учурда ал туугандарынын жанында", - деди Оморов.
Өз жанын кыюуга аракет кылган аялды сактап калган Бишкек ШИИББинин кызматкери Арунов учурда ИИМдин академиясында 3-курста окуйт.