Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 7-декабрда долбоорлорун сунуштаган, ошондой эле жеке маселелерин айтуу үчүн жеке жолугушуу тууралуу өтүнгөн социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Сапар Исаков мындай иш-чараны өткөрүү маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздерге белгилүү болгондой, өкмөттүк аппараттын түзүмүндө бөлүм түзүлгөн, ал орун алган көйгөйлөр боюнча ыкчам жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн социалдык тармактарды мониторингдөө менен алектенет”, - деди Исаков.
Премьер-министр белгилегендей, өкмөттүн жаңы курамынын келүүсү менен ачыктык саясаты жарыяланган, буга байланыштуу жарандык коом менен байланыш күчтөндүрүлгөн.
“Биз үчүн такай жолугушуп туруу маанилүү. Өкмөт жана мамлекеттик органдар бардык пикирлерди эске алуу менен чечимдерди кабыл алууда ката кетирбеши керек”, - дейт өкмөт башчы.
Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева маалымдагандай, күн сайын өкмөт башчынын расмий баракчасына 50гө жакын маалыматтар келип түшөт. Ал билдиргендей, өкмөттүк аппараттын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү жарандардын социалдык тармактардагы кайрылууларын мониторингдөө жыйынтыгы боюнча алардын өзгөчө талкуу жараткандарына ыкчам жооп кайтарууга аракет жасоодо.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өкмөт башчыга фармацевтикалык тармакты санариптештирүү, жол кыймылы тутумун автоматташтыруу, ата мекендик айыл чарба жана бут кийим тармагын өнүктүрүү, юридикалык жактар жана санариптик кайрымдуулук тутуму тууралуу маалыматты издөө боюнча ресурсту киргизүү боюнча долбоорлорун тартуулады.
Жолугушуунун соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык айтылган маселелер боюнча тапшырмалар берилди. Мындан тышкары Сапар Исаков жети баланы тарбиялап жаткан, оор социалдык абалда калган жалгыз бой Баатыр эне Сейдалиева Гүлзатка материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.