Парламентте Улуттук демократиялык институту депутаттар менен жарандардын ортосундагы байланышты бекитүү боюнча долбоору менен тааныштырды

Бүгүн, 8-декабрда парламенттин “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Улуттук демократиялык институту депутаттар менен жарандардын ортосундагы байланышты бекитүү боюнча долбоору менен тааныштырды.

Институттун менеджери Эрмек Адылбековдун айтымында, аталган институт Кыргыз өлкөсүндө 20 жылдан бери иштеп келет.

“Бул программанын алкагында, Жогорку Кеңештин депутаттарына жарандардын ой-пикирин жана көйгөйлөрүн билүүгө жана көйгөйлөрдү чагылдырган платформаларды иштеп чыгуусуна шарт түзөт. Өлкөнүн аймактарында жарандар менен депутаттардын катышуусунда коомдук угууларды, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга өбөлгө түзөт”, - деди Адылбеков.

Мындан тышкары ал айыл аймактарга депутаттар барганда көпчүлүк эл жолугушууга келбей турганын айтты. “Жолугушууга айыл активдери, саясатка кызыккан адамдар же көйгөйү бар жарандар келет”, - дейт Адылбеков.

Депуттар аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүдө бюджетте тартыштык болуп, чечилбей калып жатканын айтышты. Эл өкүлдөрү институт чет өлкөлүк долбоорлор менен иштешип, каржылык маселелерди чечүү маселеси боюнча карап чыгууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан