Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын 7-пленардык жыйыны өтүүдө. Ага Кыргыз, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекети мүчө.
Парламенттер аралык ассамблея түрк тектүү элдердин карым-катнашын бекемдөө максатында 2008-жылы түзүлгөн. Бул ирет ассамблеянын тарыхында биринчи жолу Өзбекстан парламентинин өкүлдөрү жыйынга сыйлуу конок катары келген. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган 13 депутат, Азербайжан, Түркия, Казакстан парламентинин жетекчилери жана депутаттары катышууда. Буга чейин Казакстан төрагалык кылган Түрк парламенттер аралык ассамблеясынын жасалган иштери боюнча Казак парламенти маалымат берди.
Быйыл Түрк парламенттер аралык ассамблеясынын төрагалыгын Казакстан парламентинин төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева Кыргыз тарапка өткөрүп берди.