Биз социалдык тармакта

Бишкекте бардык коммуналдык төлөм кагаздары абоненттерге бир конвертке салынып, чогуу жөнөтүлө турган сынактык долбоор башталды

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Гибриддик почта" деп аталган сынактык долбоорду баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, долбоорду сынаш үчүн Бишкек шаарындагы 5 миң абоненти бар 5-кичи район тандалып алынган. Долбоордун сынактык мөөнөтү 1-апрелге чейин улантылат.

"Таза коом" долбоорунун алкагында калкка ыңгайлуу болуш үчүн "Гибриддик почта" ишке киргизилди. Мында суу, электр энергиясы, газ, таштанды, айтор бардык коммуналдык төлөм кагаздары абоненттерге бир мезгилде, 1 конверттин ичинде жөнөтүлөт. Эми абоненттер мурдагыдай ар бир төлөм кагаздарын бирден күтүп, чогултпайт. Мындай ыкма абоненттер үчүн да, коммуналдык кызмат көрсөткөн ишканалар үчүн да ыңгайлуу", - дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы.

Ал кошумчалагандай, өткөн айдагы төлөмдөр кечээ, 7-декабрда толук чыгарылып бүттү, эми таратыла баштайт.

Бирдиктүү коммуналдык төлөм тууралуу кызыктырган суроолорго жооп берүү үчүн "Кыргыз почтасы" мамлекеттик кызматы 1929 кыска номери жана +996 703 200 003 WhatsApp номери иштей тургандыгын жарыялайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ainur78007
2017-12-08 12:13:11
Ынгайлуу экен.
0
Syn4y
2017-12-08 13:38:00
Сонун экен. Мобильниктин терминалдарынан төлөгүлө сразу тушот
0
Dalil
2017-12-08 14:06:31
Кан басымы бар абоненттерди абайлагыла. Топтоп бир берип пристубун карматып койбогула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан