ӨКМ: "Адам өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан учурда эреже боюнча кортежди эмес, өрт өчүрүү кызматынын унаасын өткөрүү керек"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кортеж үчүн жолду тосуп турушту. Бул кимдин буйругу?" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Видеодо кең көчөлөрдүн бири аркылуу өтчү кортеждин өтүп кетишин күтүп, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасын кармап турганын көрүүгө болот.

Бул окуя тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүдөй жооп беришти.

"7-декабрь күнү саат 17:16да Бишкек шаардык ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик бульварынын №34-дарегинде үч кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт болгон дарекке Свердлов райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери бара жатып шаардын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин кортежи өтүп жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүүчү автоунаа 3-4 минутага токтотулган. Өрт чыккан дарекке 17:27де жетип, алар жардамга экинчи бөлүктү чакырышкан. Өрт саат 18:03 чамасында чектелип 18:25те толук өчүрүлүп бүткөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 105 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн материалдык чыгымдары жана келип чыгуу себептери такталууда жабырлануучулар жана кыйроолор жок", - деп билдирет.

Ошондой эле ӨКМдан кабарлашкандай, эреже боюнча адам өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан учурда өрт өчүрүү кызматкерлерине жол бошотулуп берилиши керек. Ал эми буга чейин мындай учурлар катталбагандыгын кошумчалады аталган кызматтан.

Өрт өчүрүү кызматкерлерине тоскоолдук жараткан кортеж бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйынына келе жаткан делегацияныкы болгондугу белгилүү болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин аталган башкармалык жогорудагы иш-чараларга карата 7-9-декабрь аралыгында шаардын бир катар көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилерин маалымдаган.

Кортеж үчүн жолду тосуп турушту. Бул кимдин буйругу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dina
2017-12-08 13:43:39
Делегаттарды ызы чуусу жок эле жеткирсе болбойбу? Президентке эле жетиштуу болот го, ит мышык отсо деле жол тозо бербей
+7
Dalil
2017-12-08 13:53:26
Же өрт өчүрүүчүлөрдү 102 Милицияны 103 тез жардамды 104 деп кортежге 101 номерин берип койгула дебептир. Жолду тосуп өткөрбөй койгон кызматкерге жаза берилсин. Демек жол эрежелерин эмес жогоруда тургандарды сыйлоочулардан бул кызматкер. Карапайым калктын өмүрүн ойлобогон кызматкер.
+4
aerforce
2017-12-08 14:03:51
Россияда ушинтип бир жаран (кортеж эмес) скорыйдын алдын тороп откозбой койгон кийинчереек уйуно келсе ошол скорый уйуно келе жаткан скорый болгон биздеда кече ким пирказ бергендин уйуно кетип жаткан болсо аябай окунмок эми муну жазалашпайт деле андай эле мындай эле деп кутулуп кетет ӨКМди кысымга алып койот кайра ошол байкуш пожарниктерди кунолоп
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-08 14:18:18
Тообо кылдым тообо кылдым кудай алам десе кортежде эмес айга чыгып кетсен да жанын ды сууруп алат жон эле журбойсунорбу дейм да. Ичинерди ачып караса 2 чака нажастан башка эч нерсебиз жок. Куйдургулор
+1
Nibiru.
2017-12-08 20:50:47
Bolunbo.kyrgyz,нажас деген эмне?
+1
Ermekbai
2017-12-08 14:44:20
ӨКМ иштен кетпесе эле ушул сөзү үчүн.
+1
kenjebek_a
2017-12-08 15:09:47
Туркторбу оруспу озбектен келген делегациябы эмне бир кыргызстандык уй булодон улукпу.Ошол тоскон гаишник деле мыйзамды билбейт,ал эптеп кечке чейин шефинин долясын чыгарыш керек да.Делегация дегени дале жалган болуш керек.Дагы бир ХХХХ калбыры бар жепичер баратканда.
+1
_adil_
2017-12-08 15:34:44
Оздорунун милдентиан билбегендиктенда. Инструктаж отулбойтта отулсода кечкиге отметкасын айтышатта. Копчулук гаилер озунун милдетин билишпейт.
+1
Jazdyn_tany
2017-12-08 17:46:30
Ушул форс-мажор учурундагы акыбал боюнча мыйзам бар бекен? Эгерде, жок болсо, "биринчи ирет жолдон тез жардам жана өрт өчүрүү кызматы өтүү керек" деген мыйзам чыгарып, МАИчилерге окутуш керек!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан