Бишкекте көгүчкөндөрдүн көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, эртең 9-декабрда тынчтыктын символу аталган көгүчкөндөрдүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу маалыматты спорт сарайынын өкүлдөрү SUPER.KG порталына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, көргөзмө эртең менен саат 10:00 башталып саат 17:00гө чейин бир эле күн болот.

Ага Кыргыз өлкөсүндө бул канаттууну баккандардан тышкары Казакстан, Тажикстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн коноктор көгүчкөндөрү менен келишет.

"Көргөзмөнү жеке ишкер уюштуруп жатат. Анын өзүнүн бизнеси бар экен, бирок куш, канаттуу багып, андан ырахат алат. Башкача айтканда канаттуу багуу анын хоббиси. Иш-чарада чет элдик көгүчкөн баккан коноктор менен жергиликтүү куш, канаттуу таптоого кызыккандар тажрыйба алмашып, баарлашышат. Мындан тышкары бул өнөр менен алектенүүнү жаңы баштагандар үчүн кеңештер берилет. Көгүчкөндөр тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылат. Кирүү акысыз, көгүчкөндөр сатыкка коюлбайт", - дейт спорт сарайдын кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulnur1980
2017-12-08 14:17:33
Ияааалардын коргозмосу качан болот?
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-08 14:56:13
Когучконду не кылат. Тооктордун коргозмосун откозгуло
0
amirrus
2017-12-08 15:53:50
Ошто кополоктордун коргозмосу болот туну саат 22:00дон -03:00го чеин бирок кируу акылуу...
+2
BakytAliev
2017-12-08 17:28:31
amirrus,кируу 18+ деп койсонуз))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан