Акыйкатчы: "Балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаларды күчөтүү керек"

Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарга жазаларды күчөтүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 8-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, балдарды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иштердин жарымы токтотулуп турат. Сотко жеткен учурда деле кылмышкерлер жеңил жаза алып, кутулуп кетишүүдө.

"Балдар өздөрү көрсөтмө бере алышпагандыктан алардын укугун коргоо милдети жакындарына тапшырылат. Бирок көпчүлүк учурда кылмышкерлер жабыркаган балдардын туугандары менен өз ара сүйлөшүп алып, жазадан кутулуп кетишүүдө. Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо болгону 3 жыл, бул өтө жумшак жаза. Биз аны 8 жылга чейин көтөрүүнү парламентке сунуштадык, ал колдоо тапты", - дейт акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anyay
2017-12-08 14:06:36
сүйлөп эле келе жатышат, деги бир иштегендерин көрбөдүк. Маалымат беришкендеринде, "абал жакшы, өнүгүп атабыз, тигинтип атабыз". Карапайым калктын калың катмары, туулганыбызга өкүнүп турабыз....
0
nurbegim_88
2017-12-09 00:18:35
Атамбайдын доорунда ХХХХХ?! Буга чейин канчалаган акыйкатсыз иштер канчалаган өмүрлөр кыйылды бир былк этпедиң. Же Соке айдап ийбесин деп көзгө көрүнүп коюн дедиңби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан