Акыйкатчы өлкөдө балдар тарабынан жасалган кылмыш ишин караган өзүнчө соттор болушу керектигин айтты

Акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдө балдардын кылмыш иштерин караган өзүнчө соттор болуусу керектигин айтты. Ал мындай пикирин бүгүн, 8-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

"Мыйзам бузган балдардын ишин караганга атайын өзүнчө сот системи, соттор болуусу керек. Бул боюнча биздин өлкө артта калууда, жадакалса коңшу өлкө Казакстандан артка калып жатабыз. Балдар жана чоң адамдар тарабынан болгон мыйзам бузуулардын айырмасы өтө чоң. Соттор алардын ишин карап жатканда айырмачылыктарга көңүл буруусу керек", - дейт акыйкатчы.

Андан сырткары ал аталган маселе боюнча жакында өкмөткө жана парламентке сунуш киргизе тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан