Кыргыз өлкөсүндө соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы өтө кеч чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымат жыйында билдирди.
"Биз адамдардын кыйноолорго кабылгандыгы тууралуу фактыларды прокуратурага өткөрүп беребиз. Алар тарабынан кыйноо болгонун же болбогондугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Адатта анын жыйынтыгы 3 айдан 6 айга чейин созулуп чыгат. Ага чейин күнөөлөнүп жаткан адам менен жабырлануучу тажагандан элдешип алган учурлары да бар. Андан сырткары жалпы системге болгон ишенимдери өчүп жабыркаган жарандардын арыздан баш тарткан учурлар да көп кездешет", - дейт акыйкатчы.
Андан сырткары ал айрым дарыгерлер протоколду да сабаттуу толтура албай жатканын кошумчалады.
"Дагы бир айта кете турган маселе биздин өлкөдө "Стамбул протоколу" киргизилген. Ал адам сабалып ооруканага түшкөндө дарыгерлер ошол протоколго ылайык, документти толтуруусу керек. Бирок айрым дарыгерлер аны да так, сабаттуу толтура албай жатышат", - дейт Кубат Оторбаев.