Акыйкатчы: "Соттор кыйноолор боюнча катталган 35 ишти 4 жылдан бери созуп, карабай жатышат"

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кыйноолорго кабылган жарандардын иштери соттор тарабынан создуктурулуп, каралбай жаткандыгы тууралуу бүгүн, 8-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

"Кыйноолорго кабылган адамдардын иштери соттор тарабынан айлап, жылдап каралып өкүм чыкпай жатат. 2013-жылдан бери жалпы өлкө боюнча кыйноолорго кабылган адамдардын 35 иши соттор тарабынан каралып аягына чыкпай келет. Чынында айрым иштер боюнча чечимдер чыгып жатат, бирок көпчүлүк иштер чаң басып соттордун столдорунда эле жатат", - дейт Оторбаев.

Ошондой эле ал аталган маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылуу жасашканын, алардан бул маселени анализдеп, тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгын билдиришкенин айтты.

Буга карабастан Орто Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргыз өлкөсүндө кыйноолорго каршы күрөш жакшы экендигин да белгиледи Оторбаев.

"Адамдардын кыйноолорго кабылуусуна каршы күрөштө биздин өлкө Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн көпчүлүгүнөн алдыда. Кемчиликтер менен катар жакшы аракеттер да бар. Мисал менен айта кетсем, өткөн жылы Башкы прокуратурада атайын кыйноолорго каршы бөлүм ачылды. Ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун сунушу менен быйыл өкмөт тарабынан кыйноолорго каршы атайын борбор да ачылды. Учурда алар менен чогуу кыйноолорго каршы иштерди жакшыртуу үчүн иштер жүргүзүлүп жатат", - дейт акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekobek
2017-12-08 23:24:09
ООНго жазгыла
0
Bekovich76
2017-12-09 00:44:03
Соттор боктор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан