Абдрахматова: "БШКнын ишмердүүлүгү таза, акыйкат жүргүзүлүшү керек деген позицияма байланыштуу мени төрайымдын орун басарлыгынан кетиришти"

Бүгүн, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Атыр Абдрахматованы комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотуу чечимин кабыл алды.

Атыр Абдрахматова SUPER.KG порталына БШКнын катардагы мүчөсү катары да мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту талап кылып иштей бере турганын билдирди.

"Бул Борбордук шайлоо комиссиясында көпчүлүктөн башкача ойдо болгондорго карата куугунтук. Мен чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылам. Ким кайсы партия, кимдин тууганы же досу болбосун бардык учурда мыйзам так аткарылыш керек. БШКнын ишмердүүлүгү эл үчүн, таза, акыйкат, ачык жүргүзүлүшү керек деген позицияма байланыштуу мени төрайымдын орун басарлыгынан кетиришти. Өлкөдө өткөн шайлоолордо жөнөкөй жарандардын, талапкерлердин, партиялардын укуктарынын так сакталышын, мыйзамдуу чечимдердин кабыл алынышын талап кылып, административдик ресурска каршы чыгып келгем. Шайлоо маалында көптөгөн ишиме бут тосуу, каралоолор болду. Азыркы учурда да тымызын интрига уюштурушуп, жумурткадан кыр издегендер бар. Кандай болбосун БШКнын катардагы мүчөсү катары мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту талап кылып иштей берем. Эл өзү тараза болот", - деди Абдрахматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан