СУПЕРСТАН: "Баштан өткөн күлкүлүү, кызыктуу окуяларды эстейбиз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндөгү "Баштан өткөн кызыктуу, эсте калган окуялар" деген темага колдонуучулар ары кызыктуу, ары күлкүлүү окуяларды жазып калтырышкан.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бир жолу сырттан келип, кабинетиме кирдим. Ал жерде 2 адам отурабыз. Мен жана жумушка жаңы орношкон кыз. Кирсем эле жетекчим турат. Жаңы эле кирген окшойт. Тиги кыз ага артын салып отурган боюнча компьютерде иштеп жатыптыр. А шеф болсо чөнтөк телефонун кулагына такап турган экен. Мен бул эмне бизге келип калды деп ойлоп саламдашып, ордума өтүп кеттим. Аңгыча эле шеф "иштер кандай болуп жатат?" деп калды. Мен аны телефондон бирөө менен сүйлөшүп жатат деп ойлоп баш көтөрбөй өз ишимди кылып отура бердим. Аңгыча эле анын суроолоруна тиги кыз жооп берип баштады. Жооп бергенде да барктанып жооп берип жатат, аны карабаган боюнча. Мен бир аны, бир шефти карап коём. Ошентип бул көрүнүш эки мүнөттөй уланды. Шеф суроолорду берип жатат, тиги кыз маалкатып жооп берип жатат. Анан кыз бир маалда шеф аны менен эмес, телефон менен сүйлөшүп жатканын байкады. Уялып, унчукпай отуруп калды. Мен да билмексен болуп койдум. Бирок кийин өзү кыздарга айтып берип күлүп жүрдү".

"Күндөрдүн биринде үйгө конок келип антип-минтип отуруп кеч да кирип, баягы коноктор "кетебиз, келгиле эми тасмалга бата кылалы" деп айтып калышты. Эжем бата сурамак болуп келип эл отурган жерден эки алаканын жайып "алло" деп жатпайбы".

"Анда мен 8-класста окусам керек. Өзүмдү чоң сезип бизден 4-5 жаш улуулардын кечесине бардым. Тиги жердеги жигиттердин бардыгы кызыккан татынакай кыз бар эле. Ал өзү теңдүү балдарды тандабай мени менен мамиле түзүп калды. Бир аздан соң ыңгайын таап мен аны сыртта күтүп турмай болдум. Эшикке чыгып арыктын кичинекей көпүрөсүндө кыялданып күтүп турсам, тиги кыз жүгүрүп келип эле өөп кирди. Мен дагы жөн турбай бекем кучактадым. Кинодогудай кылам деди окшойт, биринчи оң бутун көтөрдү, анан мен дагы бутунан бекем кармадым. Экинчи бутун көтөрдү эле, байкуш тыртак жаным көтөрө албай ары-бери телтеңдеп барып эле чалп этип экөөбүз тең сууга кулап түшкөнбүз".

"Мен бир жолу маршруткага түшөйүн десем эле тыгылыш, эшик кар, эптеп түртүшүп түшүп алдым. Бир маалда маршруттун кыр жагын кармап бараткам, колумда кол кап бар эле, ошол менен ал маршрутканын кырындагы кара майды колума сүйкөй бериптирмин. Кол кап кара болгондуктан жана эл көп болгондуктан ал жактагы кара майды байкаган жокмун. Үшүгөнүмдөн улам ал кол кап менен бетимди кармай бериптирмин. Бир маалда киши азайып калганда эле эл мени башкача көз караштар менен карай башташты. Мен өзүмдү сулуу сезип эч нерсе оюма алган жокмун. Улам түшкөн эл мени карамайынча түшүшпөйт. Баарында тең башкача көз караш. Ошентип үйгө жетип, кирерим менен үйдөгүлөр чалкасынан кетишти. Кебетемди көрүп алып 1 жума күлгөм. Ошондуктан кыздар үчүн ар дайым күзгү салып каранып жүргөндөрү деле зыян эмес экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
engel
2017-12-08 19:17:59
"Ало" дегенин окуп алып аябай кулдум. Кичинекей кезимде тойго, туугандар чогулган жерге барсам эле тайкем мени ырдата берчу. "Балбан Батма Базаркулдун келини" деп эле ырдай берчумун. Бир жолу да ошентип кундуз ырдап, тундо да уктап жатып ырдай берипмин. Бир убакта эжем ойгонсо эле мен отуруп алып занкылдап ырдап жатыпмын. Эртеси айтып кеечке чычалаткан. Ошондон кийин ырдабай калгам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан