Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына орнотулуп жаткан балатынын жарыктары 15-декабрда саат 19:00дө күйгүзүлөт. Мындай кабарды шаардык мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, учурда башкы балатынын каркасы орнотулуп, ага 2400 даана ийне жалбырактуу бутактар тагылууда. Бийиктиги 25 метрди түзгөн балатыга 1000 даана жаңы жылдык кооздуктар, 40 миң жарык берүүчү каражаттар илинет. Мындан тышкары борбордук аянтка жаңы жылдык композициялар орнотулат.
"Азыркы тапта шаардын көчөлөрүн Жаңы жыл майрамына карата кооздоо иштери жүрүп жатат. Жарык берүүчү диоддор шаардагы Эркиндик гүлбагына, Чүй кең көчөсүнө, "Жаштар" аллеясына, "Ала-Тоо" аянтына жана Курманжан датка эстелигине жакын жерлерге орнотулат. Шаардын башка борбордук көчөлөрү, ири соода борборлорунун айланасы майрамдык кооздуктар менен жасалгаланат", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, шаар ичине жалпы 18 балаты орнотулат. Анын ичинен 18 метрлик балаты Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына, 10 метр бийиктиктеги балаты "Жеңиш" аянтына коюлат.
Буга чейин 5-декабрда "Ала-Тоо" аянтына балатыны орнотуу иштери башталгандыгы маалымдалган.