Бүгүн, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Атыр Абдрахматованы комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотуу чечимин кабыл алды. Буга анын президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгону айтылды. Абдрахматова комиссиянын мүчөлүгүнө “Республика-Ата Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн. БШКнын мындай чечимине аталган фракциядан депутаттар кандай ойдо? Фракциянын 4 депутаты SUPER.KG порталына өздөрүнүн ойлорун билдиришти.
Депутат Алтынай Өмүрбекова Абдрахматовадай адамдар мамлекеттик кызматта көбүрөөк болсо жакшы болмок деген пикирин айтты. "Мен бул тууралуу маалыматты окуп чыктым. Ал БШКнын регламентин сактабаганы үчүн комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотулганы жазылыптыр. Албетте, бул өкүнүчтүү. Атыр Абдрахматова принципиалдуу, мыкты юрист, ушундай адамдар мамлекеттик кызматта көбүрөөк болсо жакшы болмок. Биздин фракция аны БШКнын мүчөлүгүнө көрсөткөн. Мүчө катары ал жерде кала берет", - деди Өмүрбекова.
Депутат Калдарбек Баймуратов: "Маалыматты интернет булактарынан окудум. Акырындан териштирип толук маалыматты билебиз".
Ал эми депутат Таабалды Тиллаев бул чечим жамааттык чечим экенин белгиледи. "Абдрахматованы БШКнын орун басарлыгынан бошотуу жамааттык чечим болду. Ал өзүнүн кесибин жакшы түшүнгөн, күчтүү юрист, татыктуу кызматкер. Муну Абдрахматова президенттик шайлоо учурунда аткарган иштери менен далилдеди", - деди Тиллаев.
Эл өкүлү Аида Исмаилова бул боюнча толук маалыматы жок болгондуктан эч нерсе айта албай турганын билдирди.