Алтынбек Мамаюсупов түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын башкы катчыcы болуп шайланды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын 7-пленардык жыйыны өттү. Ага Кыргыз, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекети мүчө.

Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын төрагалыгын Казакстан парламентинин төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева Кыргыз тарапка өткөрүп берди. 2018-жылдан тартып, уюмга төрагалык кылуу Кыргыз өлкөсүнө өтөт. Мындан улам ассамблеянын башкы катчысы Кыргыз мамлекети тараптан болушу шарт.

Ага ылайык, аталган ассамблеянын башкы катчылыгына Кыргыз мамлекетинин атынан сунушталган Алтынбек Мамаюсуповдун талапкерлиги делегация тарабынан бир добуштан жактырылды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган 13 депутат, Азербайжан, Түркия, Казакстан парламентинин жетекчилери жана депутаттары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан