Бишкекте "уюшкан топ балдарды уурдап жатат" деп WhatsApp аркылуу тараган аудио билдирүү жалган маалымат болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Аталган аудио билдирүүдө айтылган мектепке биздин кызматкерлер барып тактоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада ал маалымат окуучу балдардын ашыкча фантазиясынан улам келип чыкканы белгилүү болгон. Бирөөдөн укканын айтып келген башталгыч класста окуган баласына ишенген эне кооптонуп ал тууралуу интернетке билдирүү тараткан. Натыйжада ал элге бат эле жайылып коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин окурмандар WhatsApp аркылуу Бишкекте белгисиз уюшкан топ балдарды уурдап жатат деген маалымат тарап, тынчсызданып жатышканын билдиришкен.