Бишкектин көчөлөрүнө жаңы чырактар орнотулууда. Бул тууралуу маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда Бишкектеги Дооронбек Садырбаев көчөсүнө жаңы чырактарды орнотуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
Буга чейин чырактар Шабдан баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден баштап Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө орнотулган.
"Бишкекжарык" ишканасы 161 жаңы түркүк орнотуп, аларга электр тогу келчү зымдарды атайын түтүктөргө салып, жер алды менен өткөрүштү. Ал эми жарыктын өзүн 150 ваттык үнөмдүү лампалар берет. Ошондой эле күйүп-өчүү мөөнөттөрүн белгилеп койчу текчелер ар бир чырактын өзүнө тиешелүү болуп, жанына орнотулду", - деп жазылат маалыматта.