"Forbes" журналы бул жылда эң көп каражат тапкан видеоблоггерди аныктады. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, мындай ийгиликти британиялык 26 жаштагы Даниэль Миддлтон жараткан.
Миддлтон өтүп бара жаткан жыл аралыгында интернеттеги өзүнүн каналынан 16,5 миллион доллар каражат тапкан. Анын каналына катталгандар 17 миллиондон ашат. Ал "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор" китебине эң көп көрүлгөн интернет каналдын негиздөөчүсү катары кирет.
Даниэль мындан тышкары өзүнүн күйөрмандары менен жолугушуп, тренингдерди өткөрүү менен да каражат табат. Күйөрмандары тарабынан анын жолугушуусуна билеттер чоң суроо-талапты жаратып келет.
2-орунга жыл ичинде видеоблоктон 15,5 миллион доллар тапкан Эван Фонг аттуу блоггер кирген. 3-орунга комедиялык видеолорду жүктөгөн "Dude Perfect" тобу бир жылдык 14 миллион доллар кирешеси менен кирген.