ЖЫЛНААМА, 9-ДЕКАБРЬ: Белгилүү журналист Мелис Эшимкановдун көзү тирүү болгондо 55 жашка чыкмак

Коомдук ишмер, белгилүү журналист, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. Ал 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Журналисттик эмгек жолун Кыргыз телерадио боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.

1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп,1992-2001-жылдары гезитти жетектеген. 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитин ачып, 2005-жылга чейин аталган гезитте башкы редактор болуп иштеген.

Мелис Эшимканов 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон. Ал эми 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин УТРКнын (азыркы КТРК) башкы директору болуп иштеген.

2009-жылдын 6-ноябрында Мелис Эшимканов Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргыздын өнүгүү корунун байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң аталган агенттик расмий жоюлган. Андан кийинки учурда Эшимканов бир канча ай бою саясаттан оолак жүргөн. Айрым маалыматтарда Мелис Эшимканов “Баягы Асаба” гезитин ачууга аракет кылгандыгы айтылат.

Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарындагы жеке менчик ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

9-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан