Сооронбай Жээнбеков Түркиянын парламентинин төрагасын кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулашты

Кечээ, 8-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахраманды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Исмаил Кахраман Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырымдын жылуу каалоолорун жеткирип, Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Түркияга болгон сапарын күтүп жатышкандыгын баса белгиледи.

“Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо демократия шарттарында, биометрикалык маалыматтардын негизинде жаңы технологияларды пайдалануу менен өткөрүлдү. Биз Кыргыз өлкөсү менен кызматташууга абдан маани беребиз жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өткөрүлдү, өкмөткө жаңы, жаш кадрлар келди. Мына ушул кайра түзүүлөр эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенем”, - деди Исмаил Кахраман.

Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы парламенттер үчүн диалог жүргүзүүнүн маанилүү аянтчасы болуп калгандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан