"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сапаты начар көмүр берилген деген маалымат боюнча териштирүү жүрөт"

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген көмүрлөрдүн сапаты өтө начар болуп жатат деген окурмандын билдирүүсү боюнча териштирүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Курманбеков билдирди.

"Биздин башкармалыкта атайын түзүлгөн комиссия бар. Эгер кандайдыр бир даттануулар түшсө, комиссия барып текшерип айтылган факты такталса ал кемчиликтер жоюлат. Бул көмүр боюнча кайрылган жарандын үйүнө комиссия дүйшөмбү күнү барып текшерет, анан комиссиянын жыйынтыгына жараша чаралар көрүлөт", - дейт Нурбек Курманбеков.

Айта кетсек, буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген көмүрлөрдүн сапаты абдан начар болуп, көмүр күйбөй жатканын окурман "Элдик кабар" аркылуу SUPER.KG'ге билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ferdews
2017-12-09 13:09:16
Териштиргиле, окмотто уят деле калбай баратат
0
nematovich.90
2017-12-09 14:00:50
Окмот бекер комур беребиз деп элдерди олтуро турган болдуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан