Кечээ, 8-декабрда Киевде Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Михаил Саакашвили убактылуу кармоочу жайга камалды.
Айта кетсек, Саакашвилини 5-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги үйүнөн кармап кетишкен. Бирок көп өтпөй тарапташтары Коопсуздук кызматынын унаасын талкалап, Саакашвилини бошотушкан. 6-декабрда ал тарапташтары менен бирге Жогорку Раданын алдына митинг өткөрүп, Жогорку Раданын депутаттарын тез арада Украинанын президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоого добуш берүүгө чакырып, ошондой эле башкы прокурор Юрий Луценконун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
Саакашвили кылмыштуу топко жардам берген жана алардын кылмыш ишин жашырган деген негизде айыпталууда. Украинанын мыйзамдарына ылайык, мындай аракети үчүн ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп туруп, кийинки президенттик үчүн жарышта утулгандан кийин Украинага өтүп кеткен. 2015-жылдын 30-майында Петр Порошенко ага жарандык берип, ошол эле күнү Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенттиги кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салган. Бул буйруктун негизинде, 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.