
Бишкек шаарынын мэриясы Жаңы жылга карата уюштурулуп жаткан иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаабыз Бишкектеги Жаңы жылга арналган иш-чаралар:
- Майрам 15-декабрдан тарта мектептерде, бала бакчалардагы балаты майрамдарынан башталат.
- Үйүңүзгө Жаңы жылдык маанай жараткыңыз келсе, балаты орнотуңуз. Аны сатып алууну каалаган тургундар Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде ачыла турган балаты базарына келишсе болот.
- Ал эми 29-30-декабрда Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан "Оберон" базарында майрамдык жарманке орун алат. Бул жерден балатыны жана үйүңүздү кооздой турган бардык жасалгаларды табасыз.
- 21-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы 600 баланын катышуусунда мэрдин кайрымдуулук балатысын өткөрөт.
- 27-декабрда эртең мененки саат 10:00дө Албек Ибраимов балдарды Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтө турчу балатыда күтөт. Бул иш-чарага 1000ден ашуун бала чакырылган.
- Майрамдык иш-чаралар жана театралдаштырылган концерт 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында болуп өтөт.
- 31-декабрда түнкү саат 12:00дө борбордук аянтта жана Дайыр Асанов атындагы сейил багында Жаңы жылдык салютка күбө болосуздар.