Сооронбай Жээнбеков Кыргыздын Орусияга болгон 240 миллион доллар карызын кечүүгө багытталган мыйзамына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыздын Орусияга болгон 240 миллион доллар карызын кечүүгө багытталган мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз-Орус өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген насыя боюнча Орусиянын алдындагы Кыргыздын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрда кабыл алынган.

Протоколдун максаты - мурда берген насыя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиянын алдындагы карыздарын жөнгө салуу. 2017-жылдын 30-апрелине карата карыздын калдыгы 240 миллион долларды түзөт. Ошондо Кыргыздын Орусияга болгон карызы жок болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан