Бишкек мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” хореографиялык ансамбли эл аралык “Боз торгой” сынагында баш байгеге ээ болду. Орусия 1-орунду, Өзбекстан 2-орунду, Казакстан 3-орунду алды. Сынак 29-31-майда Алматы шаарында өттү. Иш-чарага 900дөн ашуун бала катышты. Сынак жаш таланттарды алып чыгуу, алардын чыгармачылыгын колдоо жана элдердин маданиятынын биргеликте өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында жыл сайын өткөрүлөт.