Муса Жаманбаев президенттик аппараттын тышкы саясаты бөлүмүнүн протокол секторунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов кол койду.
Муса Жаманбаев 1978-жылы 20-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Ал 2000-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык мамилелер факультетин аяктаган.
- 2000-2001-жылдары Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын референт-катчысы;
- 2001-2003-жылдары аталган кызматтын атташеси;
- 2003-2007-жылдары премьер-министр аппаратынын протокол кызматынын референти;
- 2007-жылы премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчиси;
- 2007-2009-жылдары премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчисинин жардамчысы;
- 2009-2010-жылдары өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык жана протокол кызматынын башчысынын орун басары;
- 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүнүн эксперти;
- 2011-2017-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, протокол жана паспорт-визалык камсыздоо кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Эске салсак, буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясаты бөлүмүнүн протокол секторунун жетекчиси болуп Мар Топоев иштеп келген. Топоев интернетке жарыяланган президенттин төш белгисин тагынган сүрөтү менен коомчулуктун эсинде калган. Бул сүрөт социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланган.