Каржы министрлигинде 8-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө арналып “Коррупцияга каршы күрөшүү: адептик-этикалык негиздер” деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тегерек столду өткөрүүнүн максаты - мамлекеттик кызматчылардын укуктук жактан камсыздалышын жана жүрүш-турушунун коррупцияга каршы стандарттарын талкуулоо. Ошондой эле 2018-жылга Каржы министрлигинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча актуалдуу иш-чараларын пландаштыруу.
Тегерек столдо “Мамлекеттик финансыларды башкарууда коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө”, “Кээ бир тармактардагы (саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдары, соттор, жаратылышты пайдалануу) коррупциялык көрүнүштүн өзгөчөлүктөрү”, “Коррупциянын социалдык кесепеттери” деген темаларда баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын соңунда студенттерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мыкты материалдары үчүн сертификаттар тапшырылды.