9-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева Германиядагы Кыргыз жарандары менен жолукту. Бул тууралуу интернетке видео жарыяланды.
Ал жерде айрымдар “Акаев кет” деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Акаев бир-эки сөз айтууга уруксат берүүнү өтүнүп, орус тилинде сүйлөдү. Ошол учурда бир жаран Акаевди кыргыз тилинде сүйлөшүн талап кылды.
Акаев: “Биз Кыргыз мамлекетинде эмеспиз, Германия демократиялык өлкөсүндөбүз. Кайсы тилде сүйлөгүм келсе, ошол тилде сүйлөйм”, - деп сөзүн орусча улантты.
Суроолорго жооп бербей турганын айтып, басып кетти.
Бир жаран Акаев тарапка жумуртка ыргытты. Ал учурда Бермет Акаева барып, полиция кызматкерин чакыра турганын эскертти. Жумуртка ыргыткан жаран Акаевди "коррупционер, качкын" деп атады. Бермет Акаева аны колундагы сумкасы менен урган видеону Жылдызбек Керимбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.